Он жылдык мамоблигациялардын кирешелүүлүгү 16.50% түздү

16 декабря 2022, 16:55

Бүгүн, 16-декабрда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 10 жылдык мамлекеттик казына облигацияларынын эмиссиясынын кирешелүүлүгү 16,50% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Белгилей кетсек, аукциондо 2,3 миллиард сом тартуу пландалган.

Кошумчалай кетсек, 19-декабрда 250,6 миллион сомго кошумча 10 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын  жайгаштыруу болот.