12 айлык мамлекеттик векселдердин кирешелүүлүгү 12%ды түздү
Кечээ, 8-июнда 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Аукциондун жыйынтыгында жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон МКВ эмиссиясынын орточо алынган кирешелүүлүгү 12%ды түздү.