Он эки айлык мамлекеттик векселдердин кирешелүүлүгү 8,43%ды түздү

3 ноября 2022, 16:35

Бүгүн, 3-ноябрда Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү.

Баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 8,43% түздү.

Эске салсак, 13-октябрдагы акыркы аукцион жараксыз деп табылган.