14 күндүк ноталар боюнча кирешелүүлүк 0,05% га жогорулаган

20 апреля 2021, 16:30

Улуттук банктын 20-апрелдеги ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча 14 жана 28 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 5,19% жана 5,22% түздү, деп билдирди мекемедегилер.

Белгилей кетсек, 7 жана 91 күндүк ноталар боюнча аукциондор катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан жараксыз деп табылган.

14 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,05% га жогорулаган. Өз кезегинде, 28 күндүк ноталар боюнча кирешелүүлүк 0,02% га өскөн.