28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,11% га төмөндөдү

9 июня 2021, 10:20

Ушул жылдын 8-июнунда өткөрүлгөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча, 14 жана 28 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 5,72% жана 6,05% түзгөн. Катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан, 7 күндүк ноталар боюнча аукцион жараксыз деп табылды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Мурунку аукционго салыштырмалуу 28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,11% га төмөндөгөн.

Ноталарды жайгаштыруунун пландаштырылган көлөмү 3 миллиард 85 миллион сом болгон. Баарынан да 28 күндүк ноталардын эсебинен тартуу пландаштырылган.