28 күндүк ноталардын кирешеси кайрадан жогорулады

17 февраля 2021, 09:40

16-февралда өткөн аукциондун жыйынтыгында 7, 14 жана 28 күндүк ноталардын орточо кирешеси 3.96%, 4.52% жана 4.72% түздү. Бул тууралуу регулятор маалымдады. 

 

28 күндүк ноталардын кирешеси 0.03%, 7 күндүк ноталардын кирешеси 0.01% жогорулады. 14 күндүк ноталардын кирешеси мурунку калыбында сакталып калды. 

Кошумчалай кетсек, 91 күндүк ноталар боюнча аукцион катышуучулардын жетишсиздигинен улам өтпөй калды.