Улуттук банктын 28 күндүк ноталарынын кирешелүүлүгү 4,72% га чейин жогорулаган

3 февраля 2021, 08:58

Улуттук банктын 2-февралда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 7, 14 жана 28 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,96%, 4,47% жана 4,72% түздү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

[жаңылыктар 28284]

26-январда болгон Улуттук банктын кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарын ачык сунуштоого салыштырмалуу жети күндүк ноталардын курсу төмөндөп, 28 күндүк ноталар, тескерисинче, жогорулаган. 14 күндүк ноталардагы пайда өзгөрүүсүз калган.

Ал эми, 91 күндүк ноталар боюнча аукцион катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан жараксыз деп табылган.