5 жылдык баалуу кагаздардын кирешеси 10.6% түздү

10 февраля 2020, 09:04

2020 - жылдын 7 - февралында Улуттук банк 5 жылдык чыгарылыштагы мамлекеттик баалуу кагаздардын аукционун өткөргөн. Киреше - 10.6 % түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады. 

Эске сала кетсек, Улуттук банк буга чейин 350 млн сом өлчөмүндөгу Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууну көздөгөн. Муну менен катар купондор боюнча алдын ала берилген ставка жылына 6% түзгөн. 

Кошумчалай кетсек, 10 - февралда Улуттук банк 5 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын аукционун өткөрөөрүн эскертет. Эмиссиянын жалпы көлөмү 500 млн сомду түзөт, бир баалуу кагаздын баасы - 82.5 сомду түзөт.