Жети күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,04%га төмөндөдү

25 октября 2022, 17:39

Улуттук банктын ноталарынын 25-октябрдагы аукциондорунун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,59%, 13,00%, 13,48% жана 15,19%ды түздү. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Эмиссиянын жалпы көлөмү 11,2 миллиард сомду түздү.