7 жылдык баалуу кагаздардын кирешеси 10% түздү
4-декабрда өткөн аукциондун жыйынтыгында, 7 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын кирешеси 10% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.
Эске сала кетсек, аукциондо 500 млн сом жайгаштыруу пландалган.