Жети жылдык мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгү 16,2%ды түздү

14 апреля 2023, 16:20

Бүгүн, 14-апрелде жөнгө салуучу мамлекеттик 7 жылдык казына облигацияларынын аукционун өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Ошентип, аукциондун жыйынтыгында МКО боюнча кирешелүүлүк 16,2%ды түздү.

Эске салсак, аукционго 1 миллиард 150 миллион сом коюу пландалып, купондук чен 7% болгон.