Он эки айлык мамлекеттик казына векселдердин кирешелүүлүгү 0,03% төмөндөдү
Кечээ, 10-ноябрда Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык мамлекеттик казына векселдердин аукционун өткөрдү. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Ошентип, мамлекеттик векселдердин орточо кирешелүүлүгү 8,40%ды түздү.
Өткөн аптанын 3-ноябрында өткөн аукционго салыштырмалуу жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык мамлекеттик казына векселдеринин орточо кирешелүүлүгү 0,03%га төмөндөдү.