Узак мөөнөттүү векселдердин кирешеси 12% түздү

28 мая 2021, 17:00

Ушул жылдын 28-майында өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча, 10 жылдык векселдерди чыгаруу боюнча кирешелүүлүк 11,9% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Чыгарылган сумма 400 миллион сомду түзгөн.

Төлөмдөр жылына эки жолу - 1-декабрга жана 31-майга чейин төлөө мөөнөтү бүткөнгө чейин жүргүзүлөт.