Улуттук банк: кыска мөөнөттүү баалуу кагаздардын кирешеси төмөндөп жатат

19 августа 2020, 09:35

Улуттук банктын 18-августта өткөн аукциондун жыйынтыгында 7-, 14-, жана 28-күндүк баалуу кагаздардын орточо кирешеси 3.96%, 4.22% жана 4.38% түздү. Бул тууралуу регулятор маалымдады. 

 

11-августта өткөн аукцион менен салыштырып караганда, 7 жана 28 күндүк ноталардын пайыздык кирешеси 0.01%, 14 күндук - 0.02% кыскарган. 

Кошумчалай кетсек, ноталардын жайгаштыруудан улам Улуттук банк 8.2 млрд сом тартууну пландаган.