Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгү төмөндөдү

10 января 2023, 17:11

Бүгүн, 10-январда Кыргызстандын Улуттук банкы жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтына жарыяланды. 

Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,23%, 11,89%, 12,46% жана 13,69%ды түздү.

Кошумчалай кетсек, 27-декабрдагы жайгаштырууга салыштырмалуу 14 жана 91 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,16%, 0,05% жана 0,06%га төмөндөгөн.

Эске салсак, аукциондо Улуттук банк банк тутумунан 19,5 млрд сом ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаган.