Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгү өзгөрүүсүз калды
Улуттук банк 5-октябрда ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Аукциондордун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын 7, 14 жана 28 күндүк ноталарынын орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,08%, 6,5% жана 6,86%ды түздү. 28-сентябрдагы жайгаштырууга салыштырмалуу 28 күндүк баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү гана өзгөрүп, 0,01%га төмөндөгөн.
Аукционго 6,2 миллиард сомго ноталарды коюу пландаштырылган.