Аукциондун жыйынтыгы боюнча 12 айлык мамлекеттик векселдердин кирешелүүлүгү 8%ды түздү
18-ноябрда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик казына векселдеринин жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык эмиссиясы боюнча орточо алынган кирешелүүлүк 8%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Эске сала кетсек, 12 айлык баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Каржы министрлиги 70 миллион сом тартууну пландаган.
19-ноябрда Улуттук банк мамлекеттик казына облигацияларын 2,5 миллиард сомго эң ири жайгаштырууну өткөрөрүн кошумчалайбыз.