12 айлык мамлекеттик векселдердин кирешелүүлүгү жыл башынан бери 1,4 эсеге өстү

26 ноября 2021, 09:26

Кече, 25-ноябрда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик казына векселдеринин жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык эмиссиясынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 8%ды түздү. 

Аукциондо вексельдердин эсебинен бюджетке 70 миллион сом тартуу пландалган.

Мурунку соода-сатыктарга салыштырмалуу рентабелдүүлүк ошол эле деңгээлде сакталып, ал эми жыл башынан бери 35,13%га же 2,08 пайыздык пунктка өскөн.

Жыл башынан 18-ноябрга чейин 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруунун эсебинен бюджетке 786 миллион 697 миң сом түшкөнүн кошумчалайбыз.