12 айлык мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 8%ды түздү
Кече, 21-октябрда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик казына векселдеринин 12 айлык эмиссиясынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 8%ды түздү. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.
Аукциондо 50 миллион сомго мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу пландаштырылган.
Кошумчалай кетсек, 14-октябрда болгон соодага салыштырмалуу кирешелүүлүк мурдагы деңгээлде калды.