Үч жыл болгон мамлекеттик балуу кагаздардын кирешелүүлүгү 24,3%га өстү

18 апреля 2022, 10:05

15-апрелде 3 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу Финансы министрлиги бюджетке 200 млн сом тартууну пландаган. Аукциондун жыйынтыгында канча каражат түшкөнү тактала элек, бирок 3 жыл болгон мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүк 14,3%ды түздү.

Белгилей кетсек, 11-февралдагы баалуу кагаздардын мурунку жайгаштырылышына салыштырмалуу мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 24,3%га (11,5%дан) өскөн.