Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү төмөндөдү

1 ноября 2022, 15:55

Бүгүн, 1-ноябрда Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.

Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,46%, 12,96%, 13,47% жана 15,18%ды түздү.

Өткөн аптанын 25-октябрындагы жайгаштыруу менен салыштырганда бардык ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,13%, 0,04%, 0,01% жана 0,01%га төмөндөгөн.