Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү төмөндөгөн

12 января 2022, 15:47

11-январда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,59%, 6,89% жана 7,23% түздү. 

Былтыр акыркы өткөн аукционго салыштырмалуу ноталардын кирешелүүлүгү төмөндөгөн: 7 күндүк ноталар 0,09%га, (каршы 6,68%га), 14 күндүк ноталар 0,01%га, (каршы 6,9%га), 28 күндүк ноталар 0,07%га, (каршы7,3%га).

Эскерте кетсек, Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу аркылуу банк тутумунан 6,4 млрд сом алууну пландаган.