Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү төмөндөдү

16 августа 2022, 17:05

Кыргызстандын Улуттук банкы 16-августта жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү.

Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 12,91%, 13,32% жана 13,67%ды түздү.

9-августтагы жайгаштыруу менен салыштырганда жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,01%, 0,1% жана 0,03%га төмөндөгөн.

Белгилеп кетсек, 16-августтагы аукциондо Улуттук банк банк тутумунан 10 миллиард сом алууну пландаган.