Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү жогорулады

23 мая 2023, 18:03

Кыргызстандын Улуттук банкы 23-майда жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,51%, 11,77%, 12,19%, 13,95% жана 14,95%ды түздү. .

16-майдагы жайгаштыруу менен салыштырганда бардык ноталардын кирешелүүлүгү жогорулаган:

  • 7 күндүк - 0,06%га;
  • 14 күндүк - 0,06%га;
  • 28 күндүк - 0,08%га;
  • 91 күн - 0,15%%
  • 182 күн - 0,02% га.