Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү төмөндөдү

20 декабря 2022, 15:59

Бүгүн, 20-декабрда Кыргызстандын Улуттук банкы жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,32%, 12,12%, 12,57% жана 13,79%ды түздү.

13-декабрдагы жайгаштыруу менен салыштырганда бардык ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,18%, 0,12%, 0,02% жана 0,06%га төмөндөгөн.

Эске салсак, аукциондо Улуттук банк банк тутумунан 16,4 млрд сом ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаган.