Улуттук банктын бардык ноталарынын кирешелүүлүгү төмөндөдү

6 декабря 2022, 17:55

Бүгүн, 6-декабрда Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күн болгон ноталарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды. 

Аукциондордун жыйынтыгында Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,47%, 12,31%, 12,60% жана 13,78%ды түздү.

Өткөн апта, 29-ноябрдагы жайгаштыруу менен салыштырганда бардык ноталардын кирешелүүлүгү төмөндөдү. Алсак, 7 күндүк ноталар 0,54%, 14 күндүк ноталар 0,1%, 28 күндүк ноталар 0,27% жана 91 күндүк ноталар 0,35%га түштү.

Эске салсак, аукциондо Улуттук банк банк тутумунан 16,9 млрд сом ашыкча ликвиддүүлүктү алууну пландаштырган.