Улуттук банк: бардык ноталардын кирешелүүлүгү жогорулады

28 июля 2021, 16:30

Улуттук банктын 27-июлда өткөн ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча 7, 14 жана 28 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,01%, 6,12% жана 6,48% түздү, деп билдирди мекеме.

Бардык ноталардын кирешелүүлүгүндө олуттуу өсүш бар. Бирок, 7 күндүк ноталардын максималдуу кирешелүүлүгү 0,7% га жогорулаган.

Кошумчалай кетсек, 14 күндүк ноталар боюнча кирешелүүлүк 0,52% га, ал эми 28 күндүк ноталар боюнча 0,37% га жогорулаган.