Он эки айлык мамвекселдердин кирешелүүлүгү 8,48%ды түздү

2 февраля 2023, 16:21

Бүгүн, 2-февралда Улуттук банк мамлекеттик казына векселдеринин аукционун өткөрдү. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Ошентип, аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 12 айлык мамлекеттик векселдердин эмиссиясынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 8,48%ды түздү.

Эске салсак, аукциондо 60 миллион сом тартуу пландалган.