Мамлекеттик облигациялардын эмиссиясынын кирешелүүлүгү 16,29%ды түздү

19 июня 2023, 09:23

Ушул жылдын 16-июнунда мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Ошентип, аукциондун жыйынтыгы боюнча 5 жылдык ГКОнун эмиссиясы боюнча кирешелүүлүк 16,29%ды түздү.

Эске салсак, аукциондо 6% купондук ставка менен 800 миллион сом тартуу пландалган.