Кыргызстанда 2022-жылга карата бюджеттин кирешеси 78,5 млрд сомго көбөйдү

23 декабря 2021, 10:29

Кечээ, 22-декабрда парламенттин жыйынында “Кыргызстандын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Аны Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев тааныштырды.

Ал республикалык бюджеттин негизги параметрлери тууралуу маалымат берди. Анын айтымына караганда, 2022-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин кирешелери 282 млрд 112 млн 890,6 миң сом же ИДПга карата 39,2% өлчөмүндө каралууда.

Кызыгы, Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган 2022-жылдын бюджети боюнча кирешелер 203 млрд 563 млн 490,6 миң сом деңгээлинде күтүлгөн, башкача айтканда, жаңы прогноз 78 млрд 549,4 млн сомго көп. Кошумча бюджет кайдан келгенин Токтошев түшүндүргөн жок.

Мындан тышкары кийинки жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу да жогорулатылды.

“2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 291,2 млрд сом же ИДПга карата 40,5% өлчөмүндө белгиленген. 2023-жылы республикалык бюджеттин чыгашасы финансылык активдерди эсепке албаганда 303,5 млрд сомду, 2024-жылы 312,2 млрд сомду түзөт”, - деп түшүндүрдү профилдик комитеттин башчысы.