Операциялык ишмердүүлүктөн бюджеттин кирешеси бир жылдын ичинде 52,5% га өстү

9 сентября 2021, 11:20

Мамлекеттик бюджеттин 2021-жылдын январь-июнь айларында операциялык ишмердүүлүктөн түшкөн кирешеси 92 млрд сомду же ИДПнын 34% ын түздү. Бир жылдын ичинде көрсөткүчтөр 52,5%га жогорулады, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.

Салыктык кирешелер учурдагы кирешенин структурасында 72,2%эң чоң үлүштү ээлейт.

Бюджеттин кирешелеринин өсүшүнө салыктык, салыктык эмес кирешелердин жана расмий трансферттердин алгылыктуу салымы тиешелүүлүгүнө жараша 36,7%, 15,5%жана 0,3%ды түздү.