2020 – жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163.7 млрд. сомду түзөт
2020 – жылдагы республикалык бюджеттин жалпы суммасы мамлекеттик салымдарды кошкондо 163 млрд. 710 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда «2020 – жылдагы републикалык бюджет жана 2021-2022 – жж. пландалган бюджет тууралуу» парламенттик угууда каржы министрлигинин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.
Мамлекеттик бюджеттин кирешеси мамлекеттик салымдарды кошкондо 2020 – жылы 183 млрд. 708 млн. сом же ИДПга 27.5% түзүшү мүмкүн.
2020 – жылдагы республикалык бюджеттин жалпы чыгашасы 173 млрд. 663 млн. сомду (ИДП 26%) түзөт. 2021-2022 жылдары республикалык бюджеттин чыгашасы – 173 млрд 498 млн. сом жана 174 млрд. 967 млн. сомду түзүшү мүмкүн. 2020 – жылдагы республикалык бюджеттин тартыштыгы – 9 млрд. 953 млн. сом же ИДП 1.5 % түзөт.