Февраль айында бюджеттин кирешеси дээрлик 2 млрд сомго өсөт

9 февраля 2022, 09:26

Февраль айында республикалык бюджеттин жалпы ресурстары 15 млрд 874 млн сомду түзөт. Мындай маалыматтар Финансы министрлиги тарабынан үстүбүздөгү айдын кассалык планында келтирилген.

 Февраль айына салыштырмалуу өсүш 2 млрд 420 млн 887,6 миң сомду түзөт. Ал салык жыйымдарынын 1 млрд 549,5 млн сомго көбөйүшүнүн эсебинен 1 млрд 951,8 млн сомго кирешенин өсүшү менен камсыздалган.

Аны менен бирге эле салыктык эмес кирешелердин 597 млн 724,5 миң сомго азайышы күтүлүүдө.