Бул айда бюджеттин кирешеси 834,5 млн сомго көбөйөрү күтүлүүдө

17 мая 2023, 09:53

Ушул айга республикалык бюджеттин ресурстары 31 миллиард 484 миллион сом өлчөмүндө аныкталды. Анын 28,1 миллиард сому атайын каражаттар жана гранттарсыз казыналык кирешелер.

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга салыктар салттуу түрдө эң чоң салым кошот, алар бардык кирешелердин 76,2%ын түзөт, бул 21,4 млрд сом болот. Салык жыйымдарын Мамлекеттик салык кызматы 13,6 млрд сом, Кумтөр дүң киреше салыгы түрүндө 670 млн сом, Мамлекеттик бажы кызматы 7,8 млрд сом менен камсыз кылуу пландаштырылууда.

Салыктык эмес кирешелер 6,7 млрд сом деңгээлинде күтүлүүдө, бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн 23,8%ын түзөт. Алар берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздардан (26,2 млн. сом) жана акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддерден (5,3 млрд. сом) турат.