Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси 53,1% га өстү

3 июня 2021, 11:21

Ушул жылдын январь айынан апрель айына чейинки төрт ай ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешеси 58 миллиард 975 миллион 189,1 миң сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлиги билдирди. 

Бюджеттин бөлүгүнүн көпчүлүгү салыктан түшкөн кирешелер. Алар казына кирешелеринин 70,5% түздү. Анын ичинен 35,5 миллиард сому республикалык бюджетке, 6 миллиарддан бир аз ашыгы жергиликтүү бюджетке чогултулган.

2020-жылдын ушул мезгилинде, январдан апрелге чейин бюджеттин кирешеси 38 миллиард 511,6 миллион сомду түзгөн. Муну менен быйыл казынага түшкөн каражат 53,1% га өстү.