Беш ай ичинде Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси 75,3 млрд сомду түздү

29 июня 2021, 14:29

Ушул жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешелери алдын-ала маалыматтар боюнча 75 миллиард 327 миллион 264,7 миң сомду түздү. Мындай маалыматтарды республиканын Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Алардын 88,74% республикалык бюджеттин кирешелери, калган 11,25% жергиликтүү бюджеттердин кирешелери.

Бюджеттин көпчүлүк бөлүгү - 53 миллиард 760 миллион 987,2 миң сомду салыктык кирешелерден түшкөн.