Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 41,2%га өстү

6 декабря 2021, 11:33

Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси 163 миллиард 990 миллион 971 миң сомду түздү. Мындай маалыматтарды Каржы министрлиги мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетунда келтирди.

Мында бир жыл мурда каралып жаткан мезгилде бюджеттин кирешеси 116 миллиард 155 миллион 75,2 миң сомду түзгөн. Алсак, 2020-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу бюджеттин кирешелери 41,2%га, же 47 млрд 835,9 млн сомго көбөйдү.

Өсүү салык жыйымдарынын 45,3%га көбөйүшү менен 121 млрд 439,2 млн сомго жеткен.