Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 1,5 эсе көбөйдү

27 августа 2021, 14:08

Ушул жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин кирешелери (финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражатты кошкондо) өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 31 миллиард 735,3 миллион сомго же 1,5 эсеге көбөйдү. 

Экономика жана финансы министрлигининбБорбордук казыналыгынын маалыматы боюнча, каражат 92 миллиард 79,3 миллион сомду (ИДПга карата 34%) түзгөн.

Ошол эле мезгилде мамлекеттик бюджеттин чыгымдары (финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен чыгымдарды кошкондо) 13,8 млрд сомго же 17,9% га өсүп, 90 млрд 705,7 млн ​​сомду (ИДПга карата 33,5%) түздү.

Муну менен мамлекеттик бюджет 1 миллиард 373,6 миллион сом профицит менен аткарылды, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бюджеттин тартыштыгы 16,5 миллиард сом болгон.