KAZ Mineralsтын кирешеси 5 пайызга өскөн

20 февраля 2020, 13:55

2019-жылы KAZ Minerals тобу боюнча реализациялоонун кирешеси 5 пайызга чейин көбөйүп, 2,266 млрд долларды түздү. Бул тууралуу «Медиа Сервис» агенттиги кабарлады.

Өсүү өндүрүштүн жогорку көрсөткүчтөрүнүн жана жез менен алтынды реализациялоонун көлөмүнүн жогорулашынын арты менен болгондугу белгиленүүдө. Аталган көрсөткүчтөр 2018-жылга салыштырмалуу  7 жана 33 пайызга жогорулаган.

Реализациянын көлөмдөрү- 317 миң тонна жез менен 225 унций алтын даяр продукциянын запастарынын эсебинен көбөйгөн.