«Кыргызтелеком» ишканасы банкротко учурашы мүмкүн - акционер

14 июля 2021, 12:01

"Кыргызтелеком" ААКнын кирешеси 2015-жылдан бери төмөндөп жатат. Бул тууралуу акционер Буркан Жумабаев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, былтыр компания 118 миллион сомдук чыгаша менен чыккан.

"Кыргызтелеком" ААКнын кирешеси боюнча, директорлор кеңеши бул көрсөткүчтөр үчүн жооп бериши керек. Компания акырындап банкротко учурап жатат", - деди ал.