Финансы секторундагы уюмдардын кирешеси 33,8%га өстү

24 августа 2022, 11:16

Ушул жылдын январь-июнь айларында экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өсүү менен 46,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Кирешелердин өсүшү банк секторунун кирешелеринин көбөйүшү менен камсыз болгон. Пайданын өсүшү коммерциялык банктар (6,5 млрд сомго) жана Улуттук банк (1,7 млрд сомго) тарабынан камсыз кылынган, бул алардын валюталык операциялардан түшкөн кирешесинин көбөйүшү менен шартталган.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ишканалардын 66%ы киреше алса, 13,5%ы чыгашага учураган.

Өз кезегинде финансы секторунун уюмдарынын чыгашалары ушул эле мезгилде 27,7 млрд сомду түзүп, 37%га өскөн.

Банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын ачык кредит портфелинин жалпы көлөмү 2022-жылдын 1-июлуна карата 217 миллиард сомдон ашты. Кредиттердин жалпы көлөмүнүн 86% банк секторуна, 14% банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар секторуна туура келген.

Маалым болгондой, насыя берүүнүн негизги багыттары соода – 25,6%, айыл чарба – 20%, керектөөчүлүк муктаждыктар – 17%, ипотека – 10% жана курулуш – 7% болгон.