Кыргызстанда почта жана курьердик кызмат көрсөтүүлөр азайды

5 мая 2023, 16:40

Кыргызстанда үч айда байланыш кызматын көрсөтүүдөн 7,1 млрд. сом киреше алынды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул 9,4%га көп. Бирок, почта жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше 1,1%га азайып, 234,8 млн. сомду түздү.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында “Кыргыз почтасы” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Марат Черикчиев ишкананын кирешеси төмөн экендигин айткан. Ишкана 2022-жылы 160 миң сом киреше тапкан.