Байланыш кызматынан түшкөн киреше тогуз айда 18,1 млрд сомду түздү

25 октября 2021, 11:27

Быйыл январь-сентябрь айларында байланыш кызматын көрсөтүүдөн алынган киреше 18,1 миллиард сомду түздү, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 6,6%га өскөн.

Муну менен бирге почта жана курьерлик кызматтан түшкөн кирешелер 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 5,2% га азайып, 570,7 млн ​​сомду түздү.