Быйыл республикалык бюджеттин кирешеси 282,1 млрд сомду түзөт

20 января 2022, 15:35

2022-жылга республикалык бюджеттин кирешелери 282,1 млрд сом көлөмүндө болжолдонууда, анын 233,1 млрд сому салыктык кирешелер. Бул тууралуу “Акчабарга” Каржы министрлигинин бюджеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Айдарбек уулу Талас билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 100 млрд сомдон бир аз ашты.

“Салыктык түшүүлөрдүн өсүшү салыктык жана бажылык башкарууну өркүндөтүү, ошондой эле салык  жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу, санариптештирүү менен байланышкан, мындан тышкары экономиканы көмүскөдөн чыгаруу боюнча чаралар оң таасирин тийгизди”, - деди Айдарбек уулу.

2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд сом көлөмүндө болжолдонууда.