Республикалык бюджеттин кирешеси 29 млрд сомго көбөйдү

31 августа 2021, 10:09

Республикалык бюджеттин кирешелери финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттарды кошкондо ушул жылдын биринчи жарымында 81 миллиард 629,4 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу акча 29 миллиард 158,6 миллион сомго көбөйгөн. Чыгымдар да көбөйдү. Ошентип, финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен чыгымдарды кошкондо, алар 11 миллиард 781,8 миллион сомго көбөйүп, 81 миллиард 927,5 миллион сомго жетти.

Муну менен биринчи жарым жылдыкта республикалык бюджет 298,1 миллион сом дефицит менен аткарылды.