Кыргызстандын Кытайга карызы азайып, башка уюмдарга көбөйдү

12 марта 2024, 15:56

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Мында 4 млрд 652,7 млн доллар тышкы карыз, 1 млрд 627,8 млн доллар ички карыз.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан эң көп сумманы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына – 1,7 млрд доллар төлөшү керек. Андан кийинки орунда Азия өнүктүрүү банкы (723 млн доллар), Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (720 млн доллар) жана Эл аралык валюта фонду (461 млн доллар) турат.

Эске салсак, 2022-жылдын декабрында карыз 5 млрд 581,53 млн доллар деп эсептелген.  Учурда карыздын өсүшү 699 млн долларды түздү. Бул 11 уюмга болгон карыздын көбөйүшүнө байланыштуу. Баарынан да Евразия өнүктүрүү банкына (+94,4 млн доллар), Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (84,1 млн доллар) жана Европа инвестициялык банкына (24,3 млн доллар) карыздын көлөмү өскөн. 

Белгилеп кетсек, Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон карыз 74 млн доллардан ашык кыскарган.