Өлкөнүн мамвекселдердеги карызы акыркы 26 жылда минимумга жетти

6 февраля 2023, 17:24

Кыргызстандын 12 айлык мамлекеттик векселдер боюнча милдеттенмелери 3-февралга карата 113 миллион 48 миң сомго бааланган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Бул жүгүртүүдөгү мамлекеттик векселдердин көлөмү 72 миллион 238 миң сомду түзгөн 1997-жылдын октябрынан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 7-февралынан тарта Кыргызстан 12 айлык векселдер боюнча милдеттенмесинин 87,8%ын же 810 млн 869 миң сом төлөгөн.