«Түндүкэлектр» абоненттеринин карызы 618 млн сомго жетти

22 января 2020, 14:20

2020-жылдын башында ААК «Түндүкэлектр» ишканасынын абоненттеринин карызы 618.6 млн сомду түздү. 12 ай ичинде дебитордук карыздан 95.78 млн сом кайтарылган. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. 

Калктын электр энергияга болгон карызы 52.9 млн сомго азайган. Бюджеттик мекемелердики 25.4 млн сомго жана башка колдонуучулардыкы 12.2 млн сомго, өнөр-жай абоненттериники 5.4 млн сомго азайган. 

Региондор боюнча: Бишкек шаарыныкы 59.3 млн сомго, Чүй облусунуку 23.8 млн сомго, Талас облусунуку 12.7 млн сомго азайган.