Доллар менен евро рублга карата бекемделүүдө

2 августа 2022, 09:23

Доллар менен евро рублга карата бекемделүүдө. Бул тууралуу маалымат Россия банкынын сайтында жарыяланды.

Ошентип, америкалык валюта күнүнө дагы 1,2% кымбаттап, 62,0506 рублди түздү. Евро рублга карата 1,08%га жогорулап, 63,2468 рубль болду.

Кыргызстанда Улуттук банктын курсу боюнча доллар 82,9845 сом, евро 85,1048 сом, рубль 1,3226 сомдон сатылууда.