Доллар жана евро өсүүдө. Борбордук банктын курсу

2 декабря 2022, 10:43

Орусиянын Борбордук банкы 2-декабрга карата валютанын орус рублине карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жайгаштырылды. 

Маалыматка ылайык, рублдин курсу долларга жана еврого карата төмөндөдү. Америка валютасынын расмий курсу 0,43%га жогорулап, 61,1479 рублди, евро 1,23%га көтөрүлүп, 63,8279 рублди түздү.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда сом бардык негизги валюталарга карата төмөндөп кетти.